Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:30

Юсуп Көлбаевдин кызы Англиядан саясий баш паанек сурады.


БИШКЕК. «Кыргыз-Лукойл» биргелешкен ишканасынын 1997-жылы буюртма киши өлтүргүчтөрдүн колунан каза болгон вице-президенти Юсуп Көлбаевдин кызы Жамила Көлбаева Улуу Британиядан саясий баш паанек сурады. Мындай маалымат 17-декабрда Юсуп Көлбаевдин жесири Чынара Көлбаевадан алынды. Анын маалыматына караганда, Ю. Көлбаевдин кызы мындай чечимге Кыргызстанда өкүм сүргөн мыйзамсыздыктан жана өмүрүнө коркунуч келгендиктен барды. Анткени, ал мунай иштетүүчү «Восток» ишканасынын уюштуруучуларынын бири болгондуктан жана атасын өлтүрүүгө буйрук бергендер деп, айрым атуулдардын атын атагандыктан коркутуулар болгон.

XS
SM
MD
LG