Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:37

Премьер-министр Н. Танаев укук коргоочу Т. Акун менен жарашуудан баш тартты.


Бакыт Аманбаев

БИШКЕК. 17-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту укук коргоочу Турсунбек Акундун премьер-министр Николай Танаевди жоопко тартуу тууралуу доо арызын кароону улантты. Өкмөт башчысы бул жолу да сотко келген жок. Буга нааразы болгон Турсунбек Акун сотко ишеним көрсөтпөй тургандыгын жарыя кылды, бирок, сот аны канааттандырган жок. Н. Танаевдин адвокаты Николай Жучков өзү Танаевдин макулдугу менен сотко катышып жаткандыгын дагы бир жолу белгиледи жана Н. Танаев Турсунбек Акун сунуштагандай жарашууга барбай тургандыгын кабарлады. Турсунбек Акун болсо «массалык маалымат аркылуу адамдык абирийиме шек келтиргендиги үчүн Н. Танаевге карата кылмыш иши ачылсын», деген талап менен сотко арыз жолдоорун билдирди. Сот жараяны эми 24-декабрда улантылат.

XS
SM
MD
LG