Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:00

Алгачкы клондолгон бала кийинки айда төрөлүшү мүмкүн.


Клондоо, же бир гана жумуртканы жасалма уруктандыруу жолу менен бойго бүткөрүлгөн дүйнөдөгү эң алгачкы ымыркай келерки айда Сербияда төрөлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Италиялык гинеколог Северино Анти Норинин Себияда чыгуучу «Нин» журналына берген интервьюсунан белгилүү болду.
Өткөн айда Анти Нори эненин абалы ойдогудай экенин, клондолгон баланын аман төрөлүшүнө 90 % ишеним бар экенин билдирген.
Антинори Белграддагы адам баласын клондоо ишине өзүнүн тийешеси жок экенин кошумчалады. 57 жаштагы гинеколог буга чейин 94-жылы 63 жаштагы италиялык аялды Римдеги клиникасында дарылап, боюна бүтүрүүгө жардамдашканы менен аты чыккан эле.

XS
SM
MD
LG