Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:18

А. ГҮЛДҮН ӨКМӨТҮ ШАЙЛООЧУЛАРДЫН ҮМҮТҮН АКТАЙБЫ?


Түркияда өтүп бараткан 2002- жылы акыркы 15 жылда биринчи жолу жалгыз партиялуу өкмөт түзүлдү. Жаңы өкмөттү ноябрдагы парламенттик шайлоодо эски саясый партияларды ишенимдүү жеңип чыккан исламчыл Адилеттик жана өнүгүү партиясы жетектейт. Түркиянын жаңы жетекчилиги алдында өлкөнү Экинчи дүйнөлүк согуштан берки өтө оор экономикалык кризистен чыгаруу милдети турат.

3-ноябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыяланбай жатып, Түркиянын ошо туштагы премьер-министри, 77 жаштагы анын командасы бийликтен кол үзгөнүн туйгандай, «биздин коалициядагы өнөктөрүбүз 2004- жылдын апрелинде болчу шайлооду азыр өткөрүүгө макулдук беришип, чоң жаңылыштык кылышкан. Бул чын-чынына келгенде саясый жанкечтилик болду», деген эле.

Күткөндөй эле, шайлоочулар Ежевит башында турган Демократиялык солчул партия менен коалициялык өкмөткө кирген башка эки партияны чанып, ишенимин Стамбулдун мурдакы мэри Режеп Ердоган 15 ай мурда түзгөн Адилеттик жана Өнүгүү партиясы-АКПга артты.

Натыйжада, 16 партия парламентке кирүүгө зарыл 10 % чекке жетпей, парламенттеги 550 орундун 362-не АКП ээ болду жана өкмөт башына келди. Бирок, АКПга Конституцияга түзөтүү киргизүүгө жетерлик парламенттик көпчүлүктү түзүү үчүн аз гана добуш жетишпейт.

Режеп Ердоган 19-ноябрда партиянын парламентке жаңы шайланган мүчөлөрүн куттуктап жатып, алардын башкы милдети - Түркияны эки жылдан берки экономикалык кризистен чыгаруу экенин сая көрсөттү. «Өлкө калкы силердин ишиңерге сыналгыдан кылдат көз салып турары силерге маалымдыр. Элдин үмүтүн актасак, эл бизге өз баасын берет. Бул элдин акысы жана табигый иш. Мекенибиз финансылык кыйын кезеңди баштан өткөрүп жаткандыктан, биз экономикалык жоготууларды кыскартып, аны мүмкүн болушунча бутуна ылдам коюшубуз шарт. Эсиңерге тутуп алгыла: «Биз жоопкер эмеспиз», дебегиле. Сыягы, мурда актансак болмок, бирок мындан ары анте албайбыз», деди партиялаштарын жоопкерчиликке чакырган Р. Ердоган.

Абдулла Гүл башында турган жаңы өкмөт 24 адамдан турат же министрлердин саны Б. Ежевиттин кабинетине караганда туура онго аз.

Кесиби боюнча экономист, мурдакы тышкы иштерге жооптуу мамлекеттик министр А. Гүл- 52 жашта. Соңку үч парламенттин мүчөсү болгон. Батышта окуп билим алган. А. Гүл 23-ноябрда парламентте жасаган кайрылуусунда, 1980-жылкы аскерий төңкөрүштүн шарында кабыл алынган эски конституцияны алмаштырчу мезгил келгенин айтып: «Эркиндикке жана коомдун бардык мүчөлөрүн өлкө турмушуна катыштырчу жаңы конституцияны даярдап, өлкөбүздү чүнчүтүп турган азыркы баш мыйзамды алмаштырабыз. Биздин жаңы конституциябыздын социалдык базасы бекем болот. Ал эл аралык стандарттарга, эң алды Евробиримдиктин талабына ылайыкталат. Жеке адамдардын укугу менен эркиндиги биринчи орунга коюлуп, плюрализм жана демократия принциптерине таянат. Бул демократия менен мыйзам башкарган мамлекет түзүү идеясына жооп берет» деди. АКПнын төрага орун басары, премьер-министр А. Гүл айткан бул сөздөрдү жүзөгө ашыруу жана Түркия узактан бапестеп жүргөн Евробиримдикке кирүү саясый-экономикалык реформаларды улантууга катар, күчтүү эркти, коомдук мунасаны талап кылат.

Байистүү исламчыл саясатчылар түзгөн өкмөттүн келечеги саясый исламга сепилдей каршы турган аскерий төбөлдөрдүн жүрүм-турумуна да ийги болору анык.

9-декабрда Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы А. Гүлдүн мамлекеттик мекемелерде, мектептер менен окуу жайларда аял кишилердин жоолукчан жүрүүсүнө тыйуу салган мыйзамды алып салууга шапасын эскертти.

Көпчүлүк байкоочулардын пикиринче, 1925- жылдан бери талаштуу болуп жүргөн жоолук маселеси Түркиянын жаңы өкмөтү үчүн диний баалуулуктарды секулярдуулуктун принциптерине айкалыштыра билүүсүндөгү өтө катаал сынак болот.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG