Алар соңку элүү алты жылдан бери сүргүндө, Женева шаарында жашайт. Италиянын акыркы падышасынын уулу Виктор Эммануил бүгүн үй-бүлөсү менен бирге өз мекенине кыска убакытка келип, Ватиканда Рим папасы менен жолукту. Падыша үй-бүлөсү сүргүнгө Муссолининин фашисттик режимин колдогону үчүн айдалган. Быйыл октябрь айында Италиянын өкмөтү жана парламенти атайы мыйзам кабыл алып, алардын мекенине кайтуусуна уруксат берген болчу.