Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:58

ЕВРОПАДАГЫ АНТИСЕМИТИЗМ МЕНЕН АНТИИСЛАМИЗМ


Нарын АЙЫП, Прага Расизм жана ксенофобия боюнча европалык комиссиянын айтымында, өткөн жылдын 11-сентябр күнү Америка кошмо штатарына террордук чабуул жасалгандан бери, Европада антисемитизм менен антиисламизм бир кыйла күчөдү.

Террор аракеттерин жасаган уюмдар жана адамдар менен жалпы араб же ислам коомчулугун чаташтырбаш керек, - деген эл аралык уюмдар менен мамлекет башчыларынын көптөгөн билдирүүлөрүнө карабастан, эл арасында 11-сентябрдан кийин араб жана мусулмандарга каршы маанай бир топ күчөгөн. Ал тууралуу 17-декабр күнү Хельсинки шаарында - Бириккен улуттардын Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Серджио Виейра ди Мело да айтып, бул көрүнүшкө каршы эл аралык коомчулук чечкиндүү аракет көрүүгө тийиш, - деп белгиледи. Сентябр айында бул кызматтан кеткен Мэри Робинсон дагы акыркы айларда бул маселени такай көтөрүп келген.

Бирок кээ бир араб жана исламчыл экстремист уюмдар: Нью-Йорк менен Вошингтондогу террор аракеттерин жөөттөр өздөрү уюштурган, - деген пропаганда жүргүзүүдө. Бир чети ошол себептен, бир чети тарыхтан калган саркынды сар-санаадан, кээ бир мамлекеттерде антисемитизм дагы эле күчтүү.

Октябр айында Алманияда өткөрүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктары боюнча, элдин 60 пайызы: антисемитизм Алманияда дагы эле проблема, - деп айткан, ал эми суралгандарын ар бир бешинчиси: немис коомунда жөөттөр өтө эле жогору таасирге ээ, - деген пикир билдирген. Андан тышкары, немистердин 35 пайызы: Экинчи дүйнөлүк согушта аларга каршы геноцид уюштурулганы үчүн жөөттөр өч алууну эңсейт, - деп эсептейт, 52 пайызы: тарыхта болгон ал кордукту жөөттөр азыр өз пайдасына айлантууда, - деген пикирде, ал эми 17 пайызы - жөөт менен кошуна болууну каалабайт. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда нацисттер алты миллион жөөттү кырып салган жана ал кыргынды жөөттөр «холокост» деп атайт.

Эң кызыгы - чыгыш алманиялык немистер жөөттөргө алда канча жумшак мамиле кылат. Бирок Расизм жана ксенофобия боюнча европалык комиссия тарабынан декабр айынын башында жарыяланган жаңы отчет боюнча, Чыгыш Европа мамлекеттеринде дагы акыркы мезгилде антисемитизм бир кыйла күчөдү. Комиссия төрагасы Роберт Пөркинстин айтымында, Европа Биримдигине мүчө болуп кирүүгө жакында чакырылган чыгыш европалык өлкөлөрдө орун алган антисемитизмге каршы 2004-жылга чейин орчундуу аракеттер көрүлүүгө тийиш. Бардык жумурияттарда: дини же улуту менен байланыштуу эч ким басмырланбаш керек, - деген атайын мыйзамдардын кабыл алынышы абзел.

«Азаттык» үналгысынын аналитиги Майкл Шафирдин айтымында, антисемитизм азыр Мажарстан менен Румынияда бир топ күчтүү, бирок ал Батыш Европада деле бар. Анткен менен, батыш европалык антисемитизмди көбүнчө тарыхый себептер менен түшүндүрүү мүмкүн болсо, Чыгыш Европадагы көрүнүштүн негизги себеби - экономикалык мүчүлүштүктөр. Шафирдин пикиринде, маселени чечүү өтө кыйын: «Бул коркунуч дайым бар жана дайым боло тургандай. Бирок эл арасында орун алган антисемитизмди жетекчи саясатчылар популисттик максатта пайдаланбастан, өздөрүн андай көрүнүштөрдөн оолак кармап, өтө этият болгону жакшы».

Мусулмандарга каршы маанай болсо, Чыгыш Европа мамлекеттеринин ичинен Сербияда гана азыр өтө күчтүү жана ал - өлкөнүн мурдагы президенти Слободан Милошевич жүргүзгөн улутчул саясат менен байланыштуу. Бирок Болгария, Мажарстан, Румыния деле бир кезде Түрк Осмон Империясынын алдында болгон, анткен менен, бул өлкөлөр жетекчилиги антиисламисттик маанайды дээрлик жок кылууга жетишкен.

XS
SM
MD
LG