Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:04

Кытай «АКШнын ракеталардан коргонуу программасы дүйнө коопсуздугуна коркунуч келтирбеши керек», деп билдирди.


БЕЙЖИН. Кытайдын тышкы иштер министрлиги «Кошмо Штаттар ракеталардан коргонуу программасы менен глобалдык коопсуздукка коркунуч келтирбөөгө тийиш», деп билдирди. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Лио Джинтао Кытайдын өкмөтү антиракеталык жабдууларды орнотуу жөнүндөгү АКШнын планын талдап жатканын билдирди. Кечээ Орусиянын тышкы иштер министрлиги АКШнын ракетарадан коргонуу системасы дүйнөдөгү абалды бейстабилдешитирип, жарыша куралданууга алып келе турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG