Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Каракол шаарындагы айрым мектептерде от жагылбай, окуучулар үч күнгө таратылды.


Шейшекан Жаналиева

КАРАКОЛ. Каракол шаарындагы айрым мектептерде от жагылбай, окуучулар үч күнгө таратылды. Ысык-Көл областынын борборундагы №1 орто мектептен жана Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-лицейинен алынган маалыматка караганда, аталган мектептерге дээрлик от жагылбайт. Окуучулар, мугалимдер арасында өпкө, бөйрөк оорулар менен жабыр тарткандар жок эмес. Анткени көпчүлүк окуучулар жылуулук берилбеген көп кабаттуу үйлөрдө жашашат.

Интернетке даярдаган Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG