Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:31

Нарын областтык кеңешинин депутаттары Кара-Кече көмүр кенинде түзүлгөн чатак абалга байланыштуу мамлекеттик бийлик жетекчилерине кайрылуу жолдошту.


Дамир Калыков

НАРЫН. 20-декабрда областтык кеңештен алынган маалымат боюнча Андрей Иордан башында турган өкмөттүк комиссия ушул жылдын август айында «Ак-Улак» мамлекеттик акционердик коомуна тиешелүү Кара-Кече көмүр кенин бир тараптуу аракет менен «Беш-Сары» аттуу өндүрүштүк коммерциялык фирманын карамагына өткөрүп берген. Мындай иш 40 жылдык тажрыйбасы бар «Ак-Улак» мамлекеттик акционердик коомунун жамаатынын нааразылыгын жаратып, Нарын областтык кеңешинин депутаттарына кайрылууга мажбур кылган. Областтык кеңештин депутаттары бул маселени кезектеги сессиясында талкуулашып, «өкмөттүк комиссиянын иш-аракеттери туура эмес» деген чечимге келишип, маселеге жогорку бийликтердин кийлигүүшүсүн өтүнгөн кайрылуу жасашты.

XS
SM
MD
LG