Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:45

Вашингтон шаарында Жакынкы Чыгыш боюнча жолугушуу башталды.


Бүгүн Вашингтон шаарында Жакынкы Чыгыш маселесин чечүү боюнча мурда түзүлгөн төртилтиктин өкүлдөрүнүн жыйыны өтөт. Төртилтикке Америка Кошмо Штаттары, Бириккен Улуттар Уюму, Европа Биримдиги жана Орусия кирет. АКШнын айтымында, Жакынкы Чыгышта Палестина мамлекетин түзүү планын аткарууну 28-январь күнү Израилде өтө турган парламенттик шайлоодон кийинкиге калтырууга тийиш. Жыйынга Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Кофи Аннан, Европа Биримдигинин тышкы маселелер боюнча өкүлү Хавье Солана, АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл менен Орусиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов катышууда жана алар менен америкалык президент Джордж Буш да жолугат.

XS
SM
MD
LG