Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:43

КЫРГЫЗСТАНДА ЖУГУШТУУ ООРУЛАРДЫН САНЫ ӨСҮҮДӨ.


Күн өткөн сайын Кыргызстанда жугуштуу оорулардын саны өсүп бараткандыгы белгилүү. Республикадагы санитардык-эпидемиологиялык абалдын татаалдыгын дарыгерлердин өздөрү да тынчсыздануу менен айтып келатышат.

Кыргызстанда безгек, кургак учук, кептөөр, СПИД сыяктуу жугуштуу оорулардын адам өмүрүнө коркунуч туудурган түрлөрү көп тараган. Бул ооруларга чалдыккандардын саны кыскаруунун ордуна, күн өткөн сайын өсүп баратканын жакында өткөн санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистеринин IV-курултайында эпидемиологдор, микробиологдор, гигиенисттер бир ооздон белгилешти. Жоюлганга жакындап, элдин да, дарыгерлердин да эсинен чыгып бараткан оорулар кайрадан пайда болуп, азыр ар бир адам өз ден-соолугуна өзгөчө мамиле жасай турган заман болуп турат дешет дарыгерлер.

Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилекбек Мейменалиевдин айтымында, жугуштуу оорулардан шал жана кызамык ооруларын алдын алуу иштери жакшы жүргүзүлгөнү менен, кургак учук, безгек сыяктуу оорулар боюнча абал дале болсо татаал бойдон калууда: «Биз республикадагы шал оорусун толугу менен алдын алып, жойдук деп айтсак болот. Бул вакцина менен жоюла турган оору. Соңку убакта дифтерия оорусу сейрек гана кезиге баштады. Кызамыкка каршы улуттук эмдөө кампаниясын жүргүздүк. Бул абдан чоң жетишкендик», - деп эсептейт ал.

Т. Мейманалиевдин айтымында, кургак учук оорусунун очогу түрмөлөр, так айтканда, түрмөдөн мунапыс жолу менен бошоп чыккандар болууда. «Акыркы 5 жылда кургак учук менен ооругандардын саны кыскарууда, бирок, ошол эле учурда кургак учук менен ооругандардын саны көп бойдон калууда. Кургак учуктун очогу түрмөлөр бойдон калууда. Бизде мыйзам да туура эмес болуп жатат да. Себеби, эгерде кургак учуктун оор түрү менен ооругандар болсо аларды мунапыс кылып жиберишет. Түрмөдөн чыгуу үчүн арестанттар атайылап, өздөрү бул ооруну жугузуп алышууда. Ошондуктан түрмөдөгү кургак учук маселесин чечип, мыйзамды өзгөртүп, оорунун учугун буушубуз керек», - дейт саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары.

Т. Мейманалиев Кыргызстандагы СПИД оорусуна чалдыккандардын басымдуу көпчүлүгү наркомандар жана алар бул ооруну ийне аркылуу жуктуруп алган дейт. «Акыркы 2-3 жылда ВИЧ-СПИД күчөй баштады жана ал наркоманияга байланыштуу. Аны ийне аркылуу жугузуп алышууда. Биз ооруларды метадом дарысынын күчү менен дарылай баштадык. Анан наркомандар СПИДди ийне аркылуу жугузуп алып жатышканын эске алып, бекер ийнелерди тарата баштадык», - деди Мейманалиев «Азаттыктын» кабарчысына.

«Быйыл безгек оорусу боюнча ахывал начарлай түштү. Бул ооруну алып жүрүүчүлөр катары Индиядан жана Тажикстандан келген качкындар, туристтер, соодагерлер эсептелүүдө жана оорунун күч алышынын себеби миграция болууда. Быйыл эле бизден 2700 оорулуу дарыланып, өттү. 2003-жылга жакшы даярдык көрбөсөк, бул оору тарай турган болуп жатат») , - деди министр орун басары республикадагы безгек оорусу тууралуу.

Безгек оорусунун тароо жолдору жөнүндө Республикалык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин башкы деректири Сабыржан Абдыкеримов: «Безгек оорусу 50-60-жылдарда катталып, кийин таптакыр унутулуп калган. Ооруга чалдыкканда, алгач адамдын дени ысып, температурасы көтөрүлүп, ысытма чыгат. Андан кийин чыйрыгып, калтырак басат. Көп ооругандардын боору жана көкдалы чоңоюп, табарсыгына чейин түшүп кетет. Оору бир адамдан экинчисине инфекция аркылуу жугат, аны алып жүрүүчүлөр болуп чиркейлер эсептелет да, безгек оорусу чиркей аркылуу гана жугат» деп түшүндүрдү.

Республикалык масштабда өкмөттүн «Безгек» программасы кабыл алынган. С.Абдыкеримовдун айтымында, программаны жалгыз дарыгерлер ишке ашыралбайт. Ошондуктан, анда жергиликтүү бийликтер кандай жумуштарды жасашы керек, ирригация кызматкерлери кандай иштерди көтөрөт, дарыгерлер эмнеге жооп берет деген маселелер так көрсөтүлгөн. «Биз жаңы сезонго даярданып, ооруга каршы дары-дармектерди даярдап койдук», - дейт С. Абдыкеримов.

XS
SM
MD
LG