БИШКЕК. 25-декабрда премьер-министр Николай Танаев өкмөттүн кезектеги жыйнынын өткөрдү. Анда коррупцияга каршы күрөш боюнча Мамлекеттик программанын , «Кургак учук» Улуттук программасынын аткарылышы талкууланды. Аталган маселелер боюнча тийиштүү министрликтердин жетекчилери жасалган иштер тууралуу отчет берди. Өкмөт жыйынында ошондой эле келерки жылдын алгачкы үч айында аткарыла турган иштердин тизмеги да такталды. Бул тууралуу шаршембиде өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.