Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:07

Никосияда Кипр түрктөрү демонстрацияга чыгышты.


Никосияда 30 миңдей Кипр түрктөрү демонстрацияга чыгып, бүтүндөй арал-мамлекеттин Евробиримдикке кошулуусуна мүмкүндүк берүү үчүн Кипрдин грек жана түрк бөлүктөрүн бириктирүүгө чакырышты.
Демонстрациянын катышуучулары кипр гректери менен биригүүгө каршы болууда дешип, Кипр түрк республикасынын лидери Рауф Денкташтын отставкага кетүүсүн да талап кылышты.
Кипр гректеринин партиясы менен профсоюздар федерациясы демонстранттардын талабын жактаган билдирүү жасашты.
Евробримдик ай башында Копенгагенде болгон саммитинде Кипр республикасын 2004-жылы уюмга кошулууга чакырган.

XS
SM
MD
LG