Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:00

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, режиссер Искендер Рыскулов дүйнөдөн кайтты.


БИШКЕК. 26-декабрь күнү кечинде Кыргыз Республикасынын Эл артисти, режиссер Рыскулов Искендер 62 жашында каза тапты.
Искендер Рыскулов 1941-жылы 30-июнда кыргыз киносу менен театрынын залкар артисти Муратбек Рыскуловдун үй-бүлөсүндө туулган.
Искендер Рыскулов сахналаштырган Т. Абдумомуновдун «Эч кимге айтпа», Б. Жакиевдин «Күттүргөн жаз да келээр», «Саадак какты», «Атанын тагдыры», Б. Өмүралиевдин «Жаңырык», А. Грибоедовдун «Акылдан азап», У. Шекспирдин «Гамлет», «Он экинчи түн», «Ричард-III», «Король Лир», «Ромео менен Джульетта», М. Горькийдин «Түпкүрдө», М. Гапаровдун «Күнөстүү арал», Ч. Айтматовдун «Ак кеме», «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт», жана башка 60тан ашык спектаклдери - кыргыздардын улуттук сахна өнөрүндөгү өзгөчө көркөм окуяга айланган чыгармалар болгон.

XS
SM
MD
LG