Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:28

АКСЫ ОКУЯСЫ БОЮНЧА СОТ ӨКҮМҮ САЯСИЙ ЧЕЧИМ КАТАРЫ БААЛАНУУДА.


«Азаттыкта» мурда кабарлангандай, Аксыдагы март окуясы боюнча кылмыш козголгон жооптуу жети кызматкерге байланыштуу Ош гарнизондук аскер соту 28-декабрда өзүнүн акыркы чечимин чыгарган. Өтүп бараткан жылдагы олуттуу саясий окуяга байланыштуу кабыл алынган бул чечим аксылык жабырлануучулардын талаптарын канчалык деңгээлде канааттандыра алат? Мындай суроого коомчулукта ар кандай жооптор айтылууда.

Майлы-Суу шаарында өткөн көчмө жыйында аскердик сот Жалал-Абад областынын мурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергенов менен областтык ички иштер кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Токобаевди үч жылга, областтык ички иштер башкармасынын башчысынын мурдагы орун басары Абдимитал Калбаев менен Аксы районунун мурдагы прокурору Абдыкалык Калдаровду эки жылга эркинен ажыратты. Ал эми мурдагы район акими Шермамат Осмонов менен мурдагы райондук милиция башчысы Данияр Кулуев жана областтык милиция кызматкери Алик Ракишев акталып, аларга тагылган баш коргоо чарасы өзгөрдү. Буга байланышкан өкүмдү ишти караган судья Бакыт Арабаев: «Баш коргоо чарасы - Осмонов, Ракишев, Кулуевдин башка жакка кетпөө подпискасы алынып салынсын. Калдаров, Калбаев, Токобаев, Кудайбергеновдун баш коргоо чарасы өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин өзгөтүүсүз калтырылсын»,- деп жарыялады.

Мыйзамга ылайык, нааразы тараптар жогорку инстанциядагы сотко кайрылбаса, сот өкүмү он күндөн кийин күчүнө кириши керек. Соттун чечимине байланыштуу Ак Үй өзүнүн расмий пикирин жарыя кыла элек. Ал эми биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов «Азаттыктын» кабарчысынын суроосуна берген жообунда сот чечими менен толук тааныша электигин, ошондуктан, юридикалык жактан азыр чукул баа бере албай тургандыгын билдирип, бирок, сот чечимине кандай болгон күндө да баш ийүүгө туура келерин белгиледи. «Соттун бул өкүмү күчүнө кире элек эми. Күчүнө киргенден кийин каалайбызбы-каалабайбызбы соттун чечимине баш ийиш керек да», - дейт биринчи вице-премьер-министр.

Бирок, жоопко тартылгандар сыяктуу эле айрым жабырлануучулар, укук коргоочулар да сот өкүмүн саясий чечим катары баалашып, Аксы окуясына юридикалык жактан жетиштүү баа берилбей калгандыгын айтышууда. Маселен, өзүн Аксы окуясын жакшы билген адам катары эсептеген укук коргоочу Турсунбек Акун кандайдыр-бир деңгээлде аксылыктардын талаптары аткарылды деген ойдо. Анткени, анын оюнча, жоопко тартылгандардын ар биринин күнөөсү бар. Бирок, бул сот адилет жүргөндүгүнүн далили эмес, себеби, ал бир жактуу болду. Күбөлөр, алардын ичинде Турсунбек Акун өзү да күбө катары суралган жок. Укук коргоочу соттун өкүмүн саясий чечим катары баалады. «Соттун колу менен саясий чечим кабыл алышты, эки жактын тең талабын канагаттандырат деген. Бирок, эки жактын тең талабын канагаттандырбаган чечим болуп калды бул. Эмне үчүн эки гана милиция кызматкери соттолуп, калганы прокуратуранын Калдаров, Кудайбергенов өңдүү кызматкерлери болушту? Ошондой эле күнөөсү бар адамдар толугу менен акталып атышат. Андан тышкары, жогорку бийликтин адамдары калып атпайбы. Алар кызматтан кызматка көтөрүлүп атышат», - деди Турсунбек Акун.

Бийлик тарабынан 5-январда камакка алынып, 17-мартта Боспиектеги ок атуудан кийин бошотулган мыйзамчы-депутат Азимбек Бекназаров Майлы-Суудагы сот мыйзамсыз өттү деп эсептейт. Анын оюнча, сотко жабырлануучулар катышкан жок жана ал окуя болгон Боспиекте эмес, башка жерде өтүп, эки одоно мыйзам бузууга барды. Бул жерде белгилеп койчу жагы, сотко аксылык бир гана жабырлануучу Ашырова Гүлбара катышкан. Бирок, анын билдиргенине караганда, бийлик өкүлдөрү аны сотко күч менен алып барышкан.

«Бекназаровдун үстүнөн бир чечим чыгарып койбойсуңарбы деп сотко кандай команда болсо, бүгүн да ошол Токобаевдин, Кудайбергеновдун, Калбаев, Калдаровдун үстүнөн Ак Үйдүн чыгарган чечими бул. Бул соттун чечими болуп эсептелбейт. Менин мисалы, Токобаевге да, Кудайбергеновго да, Калбаевге, Калдаровго да эч кандай дооматым жок», - дейт А. Бекназаров.

Бекназаровдун пикирине караганда, сот жообуна тартылып жаткан бийлик өкүлдөрү менен Ак Үйдүн ортосунда өз ара соодалашуу болгон. «Калбаев, Калдаров, Осмонов, Кулуев, Ракишевдер кайрылуусунда тынбай эле жазып атпайт беле, «Карыпкулов кошо отурсун биз менен, Кудайбергенов отурсун, Акматалиев отурсун, Абышкаев отурсун» деп. А эмне үчүн алар бүгүн кыйкырбай калды антип? Бул жерде сүйлөшүү болгон», дейт депутат Бекназаров. Ал ошондой эле Аксы окуясы боюнча куралы жок адамдар соттолуп, курал менен ок аткандар жазасыз калганын айтат. Ошондуктан, жабырлануучуларды коргоо комитети акыйкат чечимди талап кылган аракеттерди жаңы жылдан баштап жандандырат. «Эгер сот туура чечим чыгарбай турган болсо, биз Бириккен Улуттар Уюмуна чейин кайрылып, аны буздурууга аракет кылабыз. Анткени, ошол туура атылды деген октон алты киши өлүп, ондогон киши оор жарат алган», - деди Бекназаров.

Мына ушундай жагдайларды эске алганда, «Азимбек Бекназаров камакка алынганда башталып, март айынан тарта массалык түрдө уланган толкундоолор жаңы жылдан баштап кайталанышы мүмкүнбү-жокпу?» деген суроо туулат. «Мурдагыдай такыр эле күнөөлүүлөр жазаланган жок деп эми айта албайт да эч ким. Эки жыл, үч, төрт жыл болобу, күнөөүүлөр жазаланды деп эсептелет мындан кийин. Элдер деле туура түшүнөт. Бирок, муну менен эл тынчып калбайт. Анткени, балдары өлдү. Караламан кишилер каза болушту. Балдары жетим, аялдары жесир калышты», - дейт укук коргоочу Турсунбек Акун бул туурасында.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG