Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:54

Йеменде америкалык үч дарыгер өлтүрүлдү.


Йеменде бүгүн америкалык үч дарыгер атып өлтүрүлдү. Эки эркек жана бир аял врач өлкө байтакты Санаадан түштүк тараптагы Жибла шаарчасындагы миссионерлер госпиталында иштөөчү деп билдирет маалымат агенттиктери. Америкалык төртүнчү дарыгердин абалы оор.
«Күнөөкөр кармалды. Ал оппозициядагы ислам партиясы менен байланышта болушу ыктымал», деп билдирди Йемен бийликтери.
Ишемби күнү Йемен оппозициясынын таанымал өкүлүн ислам экстремисти деп шектелген согушчан атып өлтүргөн.
АКШнын Санаадагы элчилиги бүгүн эле Йемендеги америкалык жарандарды этияттыкка, ал эми Йемен өкмөтүн - кылмышкерлерди таап жазалоого чакырды.

XS
SM
MD
LG