БИШКЕК. Жаңы жылды тосуу боюнча салтанаттар Кыргызстанда жана анын борборунда тынч, тартип бузуусуз өттү. Бул тууралуу шаршембиде ички иштер министрлигинин кезметтик кызматындагылар кабарлады. Андан алынган маалыматка караганда, 31-декабрдан 1-январга караган түнү жумуруят боюнча бир оор кылмыш катталды. Бул башка күндөргө салыштырмалуу төмөнкү көрсөткүч. Борбордогу «Ала-Тоо» аянтында жана оюн-зоок, кечелер өтүүчү жайларда да олуттуу тартип бузуулар болгон эмес. Милиция кызматкерлери майрам күнү күчөтүлгөн режимде кызмат кылды. Борбордогу «Ала-Тоо» аянтына чогулган элди кечки саат 10до шаар мэри Медетбек Керимкулов жаңы 2003-жылдын кирип келиши менен куттуктады.
Кыргызстанда Жаңы Жылды тосуу учурунда өтө аша чапкан тартип бузуулар болгон жок.