Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

Иракта инспекция уланууда, Багдад АКШны согушка даярданып жатканы үчүн айыптады.


БУУнун Иракта массалык кыргын салуучу куралдарды издеп жаткан инспекторлору бүгүн бир нече жайларды, анын ичинде басмаканы, ракеталарды учуруу үчүн пайдаланылган жайды текшеришти. Инспекторлор эми Ирактын алыскы райондоруна баруу үчүн тик учмаларды да колдоно баштайт. Ошондой эле БУУнун өкүлү инспекторлор үчүн өлкөнүн түндүгүндө жаңы база түзүлөөрүн маалымадады. Ал эми АКШ Перс булуңуна аскерлерин топтоону улантууда. Кечээ Перс булуңуна жөнөөгө АКШ жөө аскерлеринин чөлдө согушууга адистешкен, 15 миң жоокерлүү 3-дивизиясы буйрук алды. Бүгүн Ирак өкмөтүнүн вице-премьери Тарик Азиз Багдада болгон басма сөз жыйынында анын өлкөсү инспекторлор менен кызматташып жатканына карабай, согушка даярданганы үчүн АКШны айыптап, «америкалык империалисттердин көздөгөнү - жалгыз Иракка, араб өлкөлөрүнө эле эмес, бүткүл дүйнөгө коркунуч келтирүү» деп билдирди. Ирактын вице-премьери белгилегендей, инспекторлор келечекте да каалаган жайлардын баарына кире алат, азырынча алар массалык кыргын салуучу курал таба элек.

XS
SM
MD
LG