БИШКЕК. 3-январда Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү-түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча элдик талкуунун мөөнөтү аяктады. Буга байланыштуу президент Аскар Акаевдин жардыгы менен курамы 17 адамдан турган эксперттик топ түзүлдү. Аталган топ 13-январга чейинки мөөнөттө буга чейин Конституциялык Кеңешме иштеп чыккан Конституциянын долбоорунун, ошондой эле жалпы элдик талкуулоонун жүрүшүндө келип түшкөн сунуш-пикирлердин негизинде Конституциянын акыркы долбоорун иштеп чыгат. Президенттин ушул эле жардыгы менен аталган эксперттик топтун ишин уюштуруу, президенттин администрациясына жүктөлдү.
Референдумга коюла турган Конституциянын долбоорун эксперттик топ иштеп чыга турган болду.
Бакыт Аманбаев