Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:05

ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТАГЫ АБАЛ.


Жакынкы Чыгышта жаңы жылдын алгачкы күндөрү кагылыштар менен башталды. Атап айтканда, бейшемби күнү Газа тилкесинде качкындардын эки лагеринде Израилдин аскерлери рейд өткөрүштү. Акыркы эки сутканын ичинде алардын колунан палестиналыктардан беш киши набыт болду.

Израиль аскерлери бейшембиге караган түнү Буреждеги жана Муасидеги качкындар лагерине сыдырга салып кирип, сыдыра тинтип чыгышты. Аларга куралдуу айрым бир кишилер айбат көрсөтүп, айыгышкан атышуулар тутанды. Жергиликтүү тургундар арасынан жоон топ адам жарадар болгону айтылууда. Ал эми Рафахтагы лагерде израилдиктер эки үйдү сүздүрүп салышты. Маор кыштагында болсо террорчу жашынып жаткан тамды алганы антитеррордук күчтөрдүн атайын бөлүктөрү чакыртылды. Израиль тарабынын айтымында, операция маалында террорист жок кылынды. Андан бир күн мурда Газа тилкесинде жөөт аскерлери палестиналык үч өспүрүмдү атып өлтүрүшкөн эле. Шаардык медиктер тастыкташкандай, үчөө тең 15 жаштагы боз балдар экен.

Мындан тышкары Израилдин аскери өкүлдөрү Наблус шаарына жакын жерде жөөт солдаттары палестиналык дагы бир адамды атып салышканын ырасташты. Анын колунда жасалма бомба болгон дешет, ок жаңылганда анысы жарылып кетип, террорчунун сөөгүн сөпөт кылып таштаган шекилди.

Газа тилкесиндеги операциялардын максатын түшүндүрүп, Израиль өкмөтүнүн өкүлү Ави Пазнер аскер бөлүктөрү колу кандуу террористтерди издеп жатканын, алардын кыянатчылыктарын алдын-алууда мындай чаралар абдан пайдалуу экендигин жана Газа тилкесиндеги операциялар аяктар замат аскерлер райондон чыгып кетерин ырастады.

Ал эми палестин администрациясынын эмгек министри Гассан аль-Хатиб болсо Израиль адаттагыдай эле жаңжалдын өртүнө май таштап жатканын билдирди. ”Израиль демейдегидей эле өзүнүн агрессиясын улантууда, адамдарды өлтүрүп, аларды жабырга салып, палестиналыктардын үй-жайын бузуп, мунусу менен Жакынкы Чыгышта бардык тараптардын, анын ичинде Кошмо Штаттардын да кызыкчылыктарына коркунуч түзүп жатат”, - деп айтты ал Рейтердин кабарчысына.

Шаршемби күнү Арап мамлекеттер лигасынын баш катчысы Амр Муса Жакынкы Чыгыштагы жагдай абдан кыйындап баратканын белгилеп, арап өлкөлөрүн жаман иштерге азыр турганга чакырган эле. “Өткөн жылы кыянатчылыктар өтө көп болду, бирок быйылкы жыл андан жакшы болбойт”, - деп эскертти Амр Муса. Лиганын жогорку деңгээлдеги кезектеги саммити быйыл мартта Бахрейндин борбору Манамада болмокчу. Ага чейин али көп бар, ошондуктан абалды алааматка жеткирбес үчүн Британия өкмөтү жаңжалды жөнгө салуу боюнча эл аралык пландарды жүзөгө ашырууга активдүү күч-аракетин үрөгөнү жатат. Бул тууралуу мисир жеринде эс алып жаткан британ премьери Тони Блэр билдирди. Шарм аль-Шейх курортунда ал Египет президенти Хосни Мубарак менен бейырасмий мүнөздө жолугушуу өткөрүп, региондогу кырдаалды атайын талкуулап чыкты. Жетишилген макулдашууга ылайык, жакынкы күндөрдө Лондонго палестиналыктардын делегациясы келмекчи.

1-январь күнү дүйнөлүк католиктерге кайрылган сөзүндө Рим Папасы да Жакынкы Чыгыш кризисинен чыгуунун жолдорун тапканга чакырган эле. Региондогу жаңжалды католик чиркөөсүнүн башчысы кесирлүү иш деп баалады. Акылга сыйбас бу чатактын тынч жолун, Иоанн Павел II нин сөздөрү боюнча, дүйнөлүк жамаат колдон келишинче жакын арада тапканы ийги. Өзгөчө Иса пайгамбардын киндик каны тамган ыйык жер зордук-зомбулуктун уюгуна айланып кеткенин Рим Папасы айрыкча кечиримсиз иш деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG