Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:25

Голландия Орусиядан ЕККУнун Чеченстандагы миссиясынын кызмат мөөнөтүн узартууну өтүндү.


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) учурдагы төрагасы болгон Голландия Кремлге кайрылып, ЕККУнун Чеченстандагы миссиясынын кызмат мөөнөтүн узартууну өтүндү. Голландиянын тышкы иштер министри Жаап де Хууп Орусиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов менен байланышып, чечен сепаратисттери менен орус аскерлеринин ортосундагы согушка байкоо жүргүзгөн ЕККУнун миссиясынын ишин узартууну суранганын билдирди. Орусия 31-декабрда кызмат мөөнөтү аяктаган ЕККУнун Чеченстандагы миссиясына жалаң гуманитардык жардам багытында иштөөнү сунуш кылган, Европадагы коопсуздук уюму болсо, Чеченстандагы миссиянын мандаты кеңири бойдон сакталышын жактайт.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG