Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:29

Ленин райондук соту «Моя столицага» каршы дагы эки доо арызды карамак болду.


БИШКЕК. 8-январда Ленин райондук соту «Моя столица» гезитине каршы дагы эки доо арызды кароого киришет. Бул тууралуу гезиттен дүйшөмбүдө кабарлашты. Доо арыздардын бирин журналист Замир Өсөровдун «Түштүктүк болуу кооптуу» аттуу макаласына карата ички иштер министрлиги, ал эми экинчисин спирт иштетүү тармагы боюнча журналисттер Геннадий Кузьмин менен Людмила Жолмухамбетова жазган макалалар топтомуна карата Карабалта спирт заводу берген. Спирт иштетүү боюнча жазылган макалалар топтомунун алгачкысы - «Спирттеги көбүк» аттуу макала боюнча сот жараяны жай айында башталып, чечимди сот 4-январда чыгарды. Ага ылайык гезитке жана авторго 60 миң сом айып салынды. Л. Жолмухамбетованын айтымында, эки автор дагы төрт макала боюнча айыпкер катары сотко катышат. Ал эми «Түштүктүк болуу кооптуу» аттуу макала үчүн ички иштер министрлиги автордон жана гезиттен кечирим суроону жана моралдык чыгым үчүн 500 миң сом төлөп берүүнү талап кылууда.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG