Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:41

КЫРГЫЗ ИНТЕЛЛИГЕНЦИЯСЫ КАНДАЙ?


Кыйладан бери кыргыз басылмаларында улуттук интеллигенциянын коомдогу орду жайында талкуу жүрүүдө. Анын чыгышына адабиятчы Салижан Жигитовдун өткөн жылдын 5-ноябрында «Республика» гезитинде жарыяланган «Кыргыз интеллигенттеринин көзү желкесинде» деген маеги себеп болду. Талкууну уланткандардын бирдаары автордун керт башына асылып отуруп алгандан улам, талашка түшкөн маселенин маани-жайы четте калды.

Салижан Жигитовдун кыргыз интеллигенциясы тууралуу «Республика» гезитинде жарыяланган пикири жаңылык деле эмес эле. Андай пикирин автор кыйладан бери жарыя айтып келатат. Бирок мурда адабиятчынын ачык сөзү ур-тепкиге алынчу эмес, атүгүл ушу азыр жалпы кыргыз интеллигенциясынын таламын талашып, Салижан Жигитов тууралуу сын макалаларды токтотпой басып аткан «Кыргыз туусу» деле чырылдап каршы чыкканын көргөн эмеспиз. Антип өкмөттүк гезит адабиятчынын жекече пикиринен кынтык издеп, ур-токмокко алышына Жигитовдун улуттук интеллигенция тууралуу пикири эмес, Аскар Акаев менен Чыңгыз Айтматовдун дарегине багышталган ачык сөзү шылтоо болду окшойт. Адабиятчы совет бийлигин тоталитардык коом деп аянбай сындап келатышкан Акаев менен Айтматов, ошо тоталитардык коомдун камчысын чаап келишкен аткаминерлерди улуттук лидер деп көкөлөтүшкөнүн, андай сый-урматты Исхак Раззаковго чейин республиканы башкарып келген башка улут өкүлдөрүнө көрсөтүшпөгөнүн айтып отурат. Аны менен эле тим болбой, Салижан Жигитов улутташ интеллигенция өкүлдөрүнүн арасында өз алдынча, эркин ой жүгүрткөн инсандардын аздыгын, а негизи кыргыз интеллигенциясы бийлик кошоматчысы экендигин, кызматта отургандардын сүрөөнү менен өткөндү көкөлөтө мактоого киришип, аш-тойлордон колу бошобой, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы, Оштун 3000 жылдыгы сындуу тарыхый салтанаттарды өткөрүүгө шылтоо, себеп табышканын жашырбай ачык айтты.

Адабиятчынын алдагыдай улуттук ар-намысты козгой турган жекече пикири ага каяша макала жазгандардын бир да бирөө тарабынан жокко чыгарылган жок. Талашка түшкөн маегинин башында Жигитов өздөрүн Маркстан жогору койгон кыргыз интеллигенциясына мүнөздүү кемчиликтердин биртобун санап берген. Андайга чычалаган кийинки авторлор улуттук интеллигенциябыздын уңгулуу маселелеринен четтеп, талашты чыгарган Салижан Жигитовго таарынгандай, анын дарегине өзүн сыйлаган гезит жарыялабай турган энооз кептерге чейин түшүп кетишиптир. Кыргыз эл акыны Омор Султановдун айтымында, социализм Кыргызстанда жумушчу табын калыптандыра албагандай эле эркин ой жүгүртө алчу улуттук интеллигенцияны түзө албады. «Бизде анын интеллигенция деген аты гана бар. Арасында чыныгы интеллигенттери аз. Биздин интеллигенциянын арасында ичара ынтымак да жок,- дейт Омор Султанов.- Интеллигенциянын антип өзара ымалага келе албай, чачкын калышынын себеби ал түзүлгөн шарттан келип чыкты окшойт. Ошондон мен биздин интеллигенция элди алдыга сүрөп кетет, жол баштай алат, деп ишенимдүү айта албайм. Ушу тапта Кыргызстанда жумушчу табы жок деп атпайбызбы, интеллигенция деле толук калыптана албады, бирок анын арасында андай атка татыктуулар бар».

Улуттук интеллигенциянын айланасында аркыл кептердин чыгып атышы - эң алды өлкөдөгү экономикалык-саясий абалга байланыштуу. Азимбек Бекназаровдун камалышынан башталган бийлик менен элдин тиреши, Үзөңгүкууш чатагы, Боспиектин жанында төгүлгөн кан, адилеттик издеген элеттиктердин Бишкекке жүрүшү маалында ушу азыр кепке алынып аткан интеллигенциянын сөзү угулган жок. Көзгө көрүнүп турган мына ушул жөнөкөй мисал барып-келип Салижан Жигитовдун ачуу сөзүнүн акыйкаттыгын ырастабайбы? Кыргыз-славян университетинин деканы, профессор Абдыкадыр Орусбаев: «Өз улутуна чындап күйгөн инсандар гана ачуу чындыкты айта алат. Салижан Жигитов курч сын айтат, ага чычалагандар толтура. Өз улутуна күйгөн адам гана ушинтип айта алат. Эгер биз улутубузга сын айтсак, ал оңолсун деген ниетте айтылат. Азыр сынга чычалагандар акыры келип Жигитовдун айткан сөзүнүн акыйкаттыгына ынанышат»,- дейт.

Кыргыз интеллигенциясы тууралуу талашка азырынча чекит коюла элек. Каршылаштарынын пикирин жалпылап, аталган теманы улантуу ниетинде жүргөнүн Салижан Жигитов да ырастады.

XS
SM
MD
LG