Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:37

АКСЫ ОКУЯСЫНДА ЖАБЫРЛАНГАНДАР СОТ ӨКҮМҮНӨ НААРАЗЫ


Бакыт Аманбаев, Бишкек “Азаттыктан» мурда кабарлангандай, 2002-жылдын декабрь айынын сонунда Майлысуу шаарында Аксы окуясы боюнча күнөөлөнгөндөрдүн үстүнөн сот жараяны аяктаган. Сот кабыл алган өкүмгө Аксы окуясында каза болгондордун тууган-уруктары жана Аксы окуясында жабырлангандар нааразылыктарын билдиришип, кайрадан сот жараянын өткөрүүнү талап кылышууда.

Аксы окуясында окко учкан жана жараат алган жарандардын ата-энелери 6-январда кыргыз элине жана президент Аскар Акаевге кайрылуу менен чыгышты. Өз кайрылууларында алар мамлекет башчысынан, 2003-жылдын 17-мартына чейин Аксы окуясынын чыгышына саясий күнөөкөр деп кат ээлери эсептеген Аманбек Карыпкуловду, Темирбек Акматалиевди, Болот Жанузаковду, Чубак Абышкаевди, Калмурат Садиевди, Мисир Ашыркуловду жана тергөөнүнүн ишин жаап-жашыргандыгы үчүн республиканын Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Калык Иманкуловду кызматтан кетирүүнү, окко учкандардын өлүмү боюнча кайрадан кылмыш ишин козгоп, сотту Аксы районун борбору Кербенде өткөрүүнү талап кылышкан. «Эгерде биздин талаптар 17-мартка чейин аткарылбаса, Аскар Акаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылабыз жана ал талаптарыбыз аткарылганга чейин Бишкектеги «Акүй» алдында балдарыбызды жоктоп, күн сайын кошок кошобуз», деп жазышкан эле жабырлангандардын ата-энелери.

Эске сала кетүүчү нерсе, президент Аскар Акаев жаңы жылдын алдында Кыргыз телерадиокорпорациясы аркылуу түз эфирге чыгып, Майлысуу шарында башталган сот жараянында Аксы окуясында күнөөлүү деп табылгандар адилеттүү жазаланарын билдирген. «Кечээ каргашалуу Аксы окуясында адамдардын набыт болушуна түзмө-түз тиешеси бар күнөөлүүлөрдүн тергөөсү бүтүп, сот процесси башталды. Эми сот алардын ишин адилеттүүлүк менен карап, мыйзам чегинде жазасын берет деп терең ишенебиз» , -деген пикирин билдирген болчу Аскар Акаев.

Ал эми Аксы окуясында жабыр тарткандардын пикиринде, 2002-жылдын декабрь айынын соңунда Майлысуу шаарында болгон сот жараянына күбөлөр, жабырлануучулар толук катыштырылбай, сот жараяны башынан аягына чейин республиканын Кылмыш-Жаза Кодексин бузуу менен өткөрүлдү. Натыйжада, Аксы окуясында чыныгы күнөөлүүлөрдүн үстүнөн кылмыш иши жеңилдетилип, сот процесси адилетсиз өттү. Бул тууралуу Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаровдун пикири да ушуга жакын. «Эми жаш балдардан карыларга чейин түшүнүктүү нерсе болду. Бул сот, элдин талабы боюнча болбой эле, саясий чечим болуп калды. Иши кылып, «мынакей, биз төрт адамды соттодук го», деп жыйынтык чыгарып, коомчулкту алдоо түрүндө өткөрүлгөн сот. Ошондуктан аксылыктар да бул сотко каршы болуп, баруудан баш тартышты», - дейт ал.

Азимбек Бекназаровдун жогорудагыдай пикирине Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты Айдарбек Керимкулов да каршы эмес. «Дагы бир топ маселелер чыгышы мүмкүн. Тергөө бүткөн жок го деп ойлойм. Себеби дагы тергөөнүн жүрүшүндө, материалдар менен таанышканда жетекчиликтен кеткен каталар болобу же башка күнөөлүүлөрбү - белгилүү болот. Анан ошол адамдарга тиешелүү соттор болушу мүмкүн, болот», - деди Айдарбек Керимкулов.

Ал эми депутат Азимбек Бекназаровдун көз-карашында, президент Аскар Акаев Аксы окуясында жабырлангандардын жогорудагыдай талаптарын буга чейин аткара алган жок жана аткара албайт. «Мамлекет башчысы буга чейин ошол кадамдарга бара албай жатат. Баргандын ордуна Карыпкуловдун маянасын көбөйтүп туруп, Түркияга элчи кылып койду. Акматалиевди кайра алып келип, президенттик администрация башчысынын орун басарлыгына шайлады. Осмонакун Ибраимов ушул убакытка чейин айланасында эле жүрүүдө. Мындан сырткары Жанузаков, Иманкулов - баары кызматында эле отурушат. Чын-чынында президенттин күнөөлүүлөрдү жазалай албасы белгилүү болуп калды. Эмне үчүн жазалай албайт? Ал ар бир карапайм элге түшүнүктүү – демек, бир нерсеси бар», - дейт эл депутаты.

Азимбек Бекназаровдун жогорудагыдай пикирине Бишкектин Биринчи Май райондук администрациясынын башчысы Токон Шайлиева макул эмес. Анын көз карашында, республикадагы ар бир жаран сот чыгарган чечимге баш ийиши керек. «Сотко ишенбесең кантип болсун. Сот баарын сураштырып, күнөөлүүлөрдү бири-бирине көздөштүрүп, анан чечим чыгарды. «Буйрук кайдан келди? «Ат» деген буйрук болдубу?» - деп териштирди деп ойлойм. Ошондуктан соттун чечими чечим болот да. Сотко ишенбей коюга болбой», -дейт Токон Шайлиева.

Ошентип, Аксы окуясында жабыр тарткандар соңку мезгилдери кайрадан өз аракеттерин жандандыра башташты. Аткаруу бийлиги жабырлангандардын мындай талаптарын аткарабы-жокпу - аны убакыт көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG