Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:58

ОРУСИЯЛЫК БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА


Муса Мураталиев, Москва

Жаңы жыл жаңыраары менен орусиялык басма сөздө Түндүк дайрадан Борбор Азияны карай суу жыгуу тууралуу талкуулар кызуу жүрө баштады.

Анализчилердин жазганына караганда (“Комсомольская правда”), жер жүзүндө 2032-жылдан тартып калктын жарымы ичүүгө суу таппай, каатчылык башталат.

Москва калаасынын мэринин президент В. Путинге жөнөткөн кайрылуусунда мындан 30 жыл мурда “Боордош Орто Азия элине таза суу беребиз” деген демилге көтөрүлгөнү айтылган. Ал проблема азыркыга чейин көч башында турган маселе экендиги белгиленген.

Көрсө, ал демилгенин үстүнөн 26 долбоорлоо институту баш-аягы 14 жыл бою иштеген экен. Ошондо түндүк дайраларын буруунун зарылдыгы жана анын жакшы-жаман жактары талдоодон өткөн экен.

Лужков ошол демилгени азыр колдоп, “окумуштуулардын алдын-ала айтканына караганда, XXI кылымдын эң глобалдык кагылыштары таза сууну талашуудан болгону турат”, - деп айткан.

Москва шаар акимиятынын анализ бөлүмүнүн жетекчиси Норкиндин билдиргенине караганда, “суу мунайзат сыңары жерден саап алгандан кийин байып калбайт. Ал булут болуп улам келип, асмандан жаан болуп жаап, Обь дайрасын толтура берет. Ошон үчүн суу мунайга караганда соолгус товар”. Анын айтымында, “Орусиянын таасири ал региондо мындан ары суу саясаты менен күчөтүлөт”.

Ошол эле жерде Дүйнөлүк өнүгүү жана кайра куруу банкы Орто Азияга карай Ганг дайрасынан суу чыгаруу долбоорун иштеп чыгуу үчүн Индияга каражат бөлгөндүгү кеп болот.

Макаланын дагы бир жеринде Иртыштан суу алып чыгыш үчүн Кытай да канал чапканы жаткандыгы айтылат.

“Красная звезда” гезитине чыккан материалда, Орусиянын коргоо министринин эл аралык аскерий кызматташуу боюнча башкы башкармасынын жетекчиси Мазуркевич “Коллективдүү Коопсуздук Келишимине кирген өлкөлөрдүн – алардын арасында Кыргызстан да бар – аскерий интеграцияланышы аягына чыгайын деп калды” деген сөзү жарыяланды.

“Парламентская газета” мурунку жылдын этегинде Орусияда өткөн эл каттоонун алдын-ала чыгарылган жыйынтыгын жарыялады.

Анда биринчи орунду 120 миллион орустар, экинчи орунду 5 жарым миллион татарлар, үчүнчү орунду 4 жарым миллион украиндер ээлеген.

Андан ары саны 1 миллиондон ашкан чуваш, башкырт, мордва, алардан да арыда саны миллионго жетпеген чечен, немис, удмурд, марийлер экендиги айтылган.

Интернет аркылуу жеткен материалда, “Моя столица” гезитинин журналисттерин Кыргызстандын мамлекеттик катчысы “элге каршы иш кылышкандар” деп кинелеген. Ал жерде “азыркы тушта журналистер тобунан 10 доочу 4 жүз миң доллар айып төлөтүүнү көздөп сотко кайрылган” деп жазылган.
XS
SM
MD
LG