Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:10

Палестин лидери Ясыр Арафат Израилде шайлоо жакындап келатканына байланыштуу палестиндерди террордук кол салууларды токтотуп, сабырдуу болууга чакырды


Бүгүн тараткан билдирүүсүндө Арафат палестин же израил жарандарына каршы ар кандай зордукчул аракеттерден баш тартууга үндөдү. Мындай чакырык менен Арафат согушкерлерге жана жан кечти террорчуларга мурда да далай ирет кайрылган, бирок андан майнап чыккан эмес. Анын арылыгында бүгүн Иордандын Батыш жээгиндеги Женин качкындар лагеринде израилдик күчтөр менен палестиндердин атышуусу болду. Израилдин аскерлери шаарда коменданттык саат алынып ташталганын жана бүгүнкү операция кадыресе рейддердин бири болгондугун билдирет. Маалыматтар боюнча, рейдге 300дөй израилдик солдат жана 50дөн ашык оор аскердик техника тартылды.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG