Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Түндүк Корея Йонгбендеги атомдук реакторду жакынкы күндөрдө ишке киргизиши ыктымал


Бул жөнүндө бүгүн Пхеньяндын МАГАТЭдеги өкүлү Венада билдирди. Ошону менен бирге КНДРдин Австриядагы элчиси реактор тынчтык максатта гана пайдаланылып жатканын далилдөө үчүн өлкө станцияга инспекторлорду киргизиши мүмкүн экенин, бирок бул тууралуу АКШ Түндүк Кореяны опузалоону токтоткондо гана макулдашууга боло тургандыгын белгиледи. Түндүк Кореянын Кытайдагы элчиси Чо Жин Су ракеталык сыноолордун жандантылышы ыктымал деп ырастады. "Биздин келечектеги аракетибиз АКШнын позициясына жараша болот. Эгерде АКШ душмандык саясатын жана КНДРди опузалаганын токтотсо, биз өзөктүк куралдарыбыз жок экенин көз карандысыз текшерүү аркылуу дилилдешибиз мүмкүн. АКШ бардык келишимдерди бир тараптуу бузгандыктан, ракеталык сынактарга тыюу салган мораторий да алынып салынышы ыктымал"- деп билдирди Чо.

XS
SM
MD
LG