Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:58

Британия менен Германия Иракка сокку уруш үчүн Коопсуздук Кеңешинин резолюциясы керек экенин белгилеп жатышат


ЛОНДОН. Британия менен Германия Улуттар Уюмунун Ирак боюнча жаңы резолюция кабыл алышы зарыл экендигин белгилешүүдө. Британ тышкы иштер министри Жэк Строу президент Саддам Хуссейн куралсыздануу резолюциясын аткаруудан баш тарткан учурда, БУУнун Коопсуздук Кеңеши Иракка сокку урууга уруксат берерине үмүттөнүп жатканын айтты. Германиянын канцлери Герхард Шрөдер болсо Иракта башталышы мүмкүн болгон согушка уюмдун Коопсуздук Кеңеши уруксат берүүгө тийиш экенин баса белгиледи. Ал арада Улуттар Уюмунун Иракта иштеп жаткан курал-жарак инспектолору бүгүн бери дегенде 6 обьектини, анын катарында, ракеталарды чыгарган ишкана менен аскердик кампаны тинтип чыгышты. Эл Аралык Атомдук Энергетика Агенттигинин башчысы Эл-Барадей кечее Ирактын жашыруун аскердик программасы бар же жок экенин так аныкташ үчүн инспекторлорго кошумча дагы бир нече ай керек боло тургандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG