Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:41

АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Ооганстанга ишсапар менен келди


КАБУЛ. Ооганстанда ишсапар менен жүргөн АКШнын Мамлекеттик катчысынын орун басары Поль Вольфовиц Кошмо Штаттар бул өлкөнүн чарбасын калыбына келтирүү аракетин ыкчамдата турганын билдирди. “АКШнын Ооганстанды кайра калыбына келтирүү аракеттери өлкөдөгү абалдын турукташуусуна салым кошот”, деп билдирди Вольфовиц. Ал бүгүн Ооганстандын коргоо министри Мохаммад Фахим менен жолугушуп, Ооганстандын келечегин талкуулады. Экөө өлкөнүн калыбына келтирилип жаткан айрым объектилерин кыдырып, Ооган аскерлерининин машыгуусун көрүштү. Вольфовиц, мындан тышкары, президент Хамид Карзай менен да жолугушат. Карзай Ооганстанга гумжардам гана жибербестен, өлкөнүн экономикасын калыбына келтирүүгө инвестиция жасоого чакырууда.

XS
SM
MD
LG