Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:17

АКШ ТҮНДҮК КОРЕЯГА КОЛ САЛУУНУ ПЛАНДАШТЫРЫП ЖАТАТ


Баян Жумакадыр кызы “Джууң Аң” деген күндөлүк гезит Түндүк Корея менен ыктымал согуштун планы болжол менен июль айынын соңунда даяр боло турганын, андай согуш болсо, Түштүк Корея менен АКШнын бириккен күчтөрүнө командачылык кылуу вазыйпасы генерал Леон Ла Портеге тапшырыла турганын билдирет. Гезит ошондой эле коргоо министрлигинин беймаалым калган өкүлүнө шилтеме берип, аскердик жетекчилик корей өлкөлөрүнүн чек ара тилкесин бойлой 17-январда Түштүк Кореянын маалымат каражаттарында Вашингтон менен Сеул Түндүк Корея менен ыктымал согушка даярданууда деген кабар тарады. Түштүк Кореялык күндөлүк гезит ал тургай болжолдонуп жаткан согуштун планы түштүк кореялык генерал Ли Нам Шин менен америкалык генерал Леон Ла Портенин жетекчилиги астында иштелип чыгып жатканын билдирет.

Түштүк Кореяда жайгашкан 37 миң америкалык аскерди кошумча ракеталык шаймандар, “аба- жер” үлгүсүндөгү ракеталар жана артиллерияга каршы радардык системалар менен жабдуу талкууланып жатканын билдирди.
Түштүк Кореянын жетекчилиги бул мааламыттарды төгүнгө чыгарганга шашты. Өкмөт эки генерал кошмо аскерлердин коргонуу жөндөмүн текшерип жатышканын, бул кадыресе эле аскердик кароо экенин белгилеп, согуштан үрөйү учуп турган элди тынчытканга аракеттенди. Бирок өкмөттүн билдирүүсү түштүк кореялыктарды соороткон жок. Тескерисинче, бул Түштүк Кореянын коомчулугунда согуш риторикасын күчөттү. 17-январда Түштүк Кореянын мурдагы президенти Ким Йоң Сам Сеулда пресс-конференция өткөрүп, ал президент болуп турганда болгон 94-жылкы кризисте АКШнын ал кездеги президенти Билл Клитон Түндүк Кореяга биринчи болуп аскердик сокку урууну сунуш кылганын, ал анда Американы чабуулдан зорго токтотуп калганын айтып берди.
- Клинтон сокку урууга өтө куштар эле, бирок мен андай чабуулга жол бербей турганымды кесе айттым. Ал кайра-кайра телефон чалып, Түндүк Кореянын опузасын күч менен басуу керектигин айтып туруп алганда мен “эгерде АКШ Түндүк Кореяга кол салса, ал кандуу калабага Түштүк Кореянын карамагындагы 650 миң жоокердин бирөө да катышпайт” деп айттым, – деди Ким Йоң Сам чогулган журналисттерге. - Ошондо непадам согуш чыгып кеткенде, ондогон миллион түштүк кореялык жаран курман болуп, жарат алмак, - деп кошумчалады ал.
1993-94 жылкы Түндүк Корей кризисинен бери он чакты жыл өттү. Бирок кризис согуш жолу менен чечилсе, андан кийин боло турган натыйжалар өзгөргөн жок. Согуш азыр алдын ала болжоого болбой турган натыйжаларга алып келмекчи. Эли ачарчылыктан жабыркап атканы менен, дүйнөдө аскерлеринин саны боюнча биринчи орунда турган Түндүк Корея, коргонуу тармагына миллиарддаган доллар каражат сарптоодо. Ыктымал согуштан АКШы эмес, биринчи кезекте, кошуна Япония менен Түштүк Корея жабыркашат. Түндүк Кореянын чек арасынан болгону 30 чакырым жерде турган 11 миллион тургуну бар Сеул жер менен жексен болот. Түндүк Кореяны, арийне, тынчтык жолу менен куралсыздандыруу мүмкүн. Жана Иракты куралсыздандырууда бул мүмкүнчүлүктөн пайдалангысы келбей жатканын жашырбаган Вашингтон, Түндүк Кореяда аны колдон чыгаргысы келбегенин көрсөтүүдө. Президент Джордж Буш ушул шейшембиде кризис башталгандан бери биринчи жолу: "Эгерде Пхеньян ядролук программасынан баш тартса, биз ага азык-түлүк жана энергия менен жардам бермекбиз. Түндүк Кореяга коопсуздукту кепилдеген документке да кол коюлушу ыктымал",- деп билдирди. Ошону менен бирге Вашингтон кризисти жөнгө салууда Орусия менен Кытайдын арачылыгына үмүт артып, Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Лосюковдун Пхеньянга башталып жаткан визитинен майнап чыгаарына ишенип турат.
Вашингтондун Пхеньянга карата көрсөткөн мындай “ийкемдүүлүгү" туш тараптан кескин сынга дуушар болууда. Чет өлкөлүк оппоненттер Бушту бир эле маселе боюнча эки ача мамиле кылгандыгы үчүн күнөөлөшсө, америкалык оппонеттер - Буш Пхеньяндын опузасына моюн сунуп жатат деп сындашат. Буш өзү бул кинени четке кагат. Ал эми АКШнын Улуттук Коопсуздук Кеңешинин мурдагы мүчөсү Айво Даалдер президенттин мындай "ийкемдүүлүгүн":"Каршы тараптын талабын аткаруу ар бир соодалашуунун ажырагыс бөлүгү. Сөз ядролук курал жөнүндө, же башка нерсе жөнүндө жүрбөсүн, бир өлкөдөн каалаганыңды, анын каалоосун аткарган соң гана, ала аласың. Бул ар бир сооданын ажырагыс бөлүгү", - деп түшүндүрдү. Бирок чындыкты тайманбай бетке айткан серепчилердин көбү Буштун ийкемдүүлүгүнүн төркүнү мунайда жатканын айтышат. Түндүк Кореяда Ирактагыдай мунай жок. "Коммунисттик режимди кулатып, өлкөнү куралсыздандырган күндө да, АКШ ал жерден ачарчылык менен кыйраган экономикадан башка эч нерсе таппайт. Ошон үчүн Вашингтон түндүк корей согушуна кызыкдар эмес. Ал эми "согушка даярданып жатыптыр" деген имиштерди Вашингтондун жалпыга сес көрсөткөнү катары кабылдаш керек. Орусиянын, Кытайдын жана Европанын чабалдыгынан пайдаланып, АКШ өзүнүн кайда болбосун кожоюн экенин далилдегиси келип жатат", дешет серепчилер.

XS
SM
MD
LG