Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:46

«Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын демилгеси менен жер-жерлердеги тегерек үстөл талкуулары


Баткенде өткөн “тегерек үстөлдүн” катышуучулары Конституциянын эксперттик топ даярдаган редакциясында жалпы коомчулуктун пикири эске алынбагандыгын белгилешти. Экс-президентке кол тийбестик укук берилишин,кылмыш жоопкерчилигинен бошотулушун караган жоболорго каршы чыккандар өзгөчө көп болду. Мындай нормалардын сунуш кылынганын талкууга катышкандар бийликтеги президенттин өзүнө кепилдик түзүү мүдөөсү катары баалашып, мыйзам алдында баары бирдей болууга тийиш экенин баса көрсөтүштү. Мындан сырткары,талкууда белгиленгендей, референдумдун өтө чукул убакытка белгиленгени эл арасында нааразылыктарды жаратып, өлкөдөгү саясий абалды курчутуп жибериши мүмкүн. Акырында талкуунун катышуучулары президентке жана Жогорку Кеңешке жогорудагы пикирлерди камтыган кайрылуу кабыл алышты.

XS
SM
MD
LG