Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:36

АКШ Түндүк Корея маселеси БУУнун Коопсуздук Кеңешинде карала турган убакыт келди деп эсептейт


Бул тууралуу бүгүн Пекинде АКШнын Мамлекеттик катчысынын орун басары Жон Болтон билдирди. Пекиндеги сүйлөшүүлөрдөн соң Жон Болтон "маселе Коопсуздук Кеңешине берилишине карата Кытай тараптан кандайдыр бир олуттуу каршылыкты байкаган жокмун ", -деди.
Түндүк Корея үстүбүздөгү айдын башында Өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү эл аралык келишимден чыкканын жарыялаган. Анын алдында өлкөдөн МАГАТЭ уюмунун инспекторлорун да чыгарып жиберген эле.
Бүгүн Пхеньянда Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Лосюков Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ир менен жолукту. Ал кабарчылар менен болгон маегинде алты саатка созулган сүйлөшүү маңыздуу болгонун жана жылуу маанайда өткөнүн белгиледи. Москва Пхеньянга сунуш кылган планда- Түндүк Кореянын өзөктүк куралдар программасынан толук баш тартышы жана бул үчүн аларга экономикалык жардам менен коопсуздук кепилдиктерин берүү каралган.

XS
SM
MD
LG