Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:23

Дары-дармектерге кошумча нарк салыгы салынбай турган болду


«Кыргызстанда сатылуучу дары-дармектерден кошумча наркка салынуучу салыктын алынып салынышы калктын сапаттуу жана арзан дары-дармек менен камсыз болушуна шарт түзөт», - деп билдирди шаршембиде өткөрүлгөн маалымат жыйынында Мыйзам чыгаруу жыйынындагы аялдар, жаштар маселелери жана ден-соолукту коргоо боюнча комитеттин мүчөсү Ишенбай Молдоташев. Анын маалыматы боюнча, дары-дармекке кошумча нарк салыгын салуу менен бюджетке жыл сайын 70-80 млн. сом киреше түшүп турчу. «Бул кенемтени дарыкана ишмердүүлүгүн толук патент системасы менен жүргүзүү жана контрабандага каршы күрөштү күчөтүү менен толтурууга болот», -дейт эл депутаты. Учурда Кыргызстанда 1700 дарыкана бар. Саламаттык сактоо министрлиги аларга карата киргизилчү патенттин базалык баасын аныктоодо. Дары-дармектен кошумча наркка салынуучу салыкты алуу жөнүндө Кыргызстандын «Салык кодексине» өзгөртүүлөр 17-январда Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан киргизилип, президент өзгөртүлгөн мыйзамга кол койгон.

XS
SM
MD
LG