Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:14

Германия Иракка каршы күч колдонуу сунушун жактабайт


БУУнун Коопсуздук кеңеши непада Иракка каршы күч колдонуу жөнүндөгү резолюцияны талкууга салса, Германия андай сунушту колдобойт. Эгерде Иракта массалык жок кылуучу куралдары бар болсо, куралсыздандыруу тынчтык жолу менен ишке ашырылыш кере деп билдирди Германиянын канцлери Герхард Шрөдер.
Г. Шрөдер билдирүүнү кечээ өзү катарындагы Социал- демократтык партиянын өлкөнүн түндүгүндөгү Гослар шаарчасында өткөн жыйынында жасады.
“Berliner Zeitung” гезити бүгүнкү(22.01.03) санында Г. Шрөдердин “Германия жана Франция Иракта согуш болтурбоо үчүн чогуу аракеттенет” деген сөзүнө шилтеме жасады. Германия жыл башында БУУнун Коопсуздук кеңешине эки жылга мүчө шайланган. Франция болсо Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү.

XS
SM
MD
LG