Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:12

АКШнын Улуттук демократия институтунун Сокулуктагы маалымат борборунун кеңсесин ачуу создугууда


Чүй областына караштуу Сокулук айылында жаңы ачылып жаткан АКШнын Улуттук демократия институтуна таандык маалымат борборунун иш жүргүзүшүнө жергиликтүү бийлик 22-январда тыюу салды. Бейрасмий булактан алынган мындай маалыматты институттун Бишкектеги кеңсесинин өкүлү да тастыктады. Анын айтымында, жергиликтүү бийлик өзүнүн мындай чечимин кеңсе катары ижарага алынган имаратты пайдалануу боюнча уруксат документтердин жетишсиздиги менен негиздеген. Мындай доомат имарат ээсинин ижарага берүү боюнча келишим түзүү учурунда кетирген катачылыктарына байланыштуу келип чыккан. «Ошондуктан демократия институту өзүнүн маалымат борбору үчүн башка имарат издөөнү ылайык көрдү», - деп билдирди Бишкек кеңсесинин өкүлү. Бул маселе боюнча аталган имарат карамагына кирген Крупская айыл өкмөтүнүн жетекчилигинин пикирин билүү мүмкүн болгон жок. АКШнын демократия институтунун бул борбору калкты маалымат менен камсыз кылуу, учурдун көйгөйлүү маселелери боюнча талкууларды уюштуруп туруу максатын көздөгөн жана ал жакынкы күндөрү ишке киришмек.

XS
SM
MD
LG