Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:03

БИШКЕКТЕ КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ОРУСИЯНЫН АСКЕРИЙ ӨКҮЛДӨРҮ КАНТ АБА МАЙДАНЫ ТУУРАЛУУ МАСЕЛЕНИ ТАЛКУУЛАШТЫ


Кыргызстандын Кант аба майданына Орусиянын аскердик аба күчтөрүн жайгаштыруу боюнча эки тараптын эксперттик топторунун сүйлөшүүсү бейшемби күнү Бишкекте аяктады. Сүйлөшүүдө талкууланган маселелер тууралуу бул күнү орус аскердик делегациясынын жетекчиси, орус аскер-аба күчтөрүнүн генерал-лейтенанты Анатолий Ноговицын жана кыргыз тараптын башчысы, Коргоо министрлигинин аскердик аба күчтөр башкармалыгынын башчысы полковник Сайфутдин Азизов журналисттерге маалымат берди.

Маалымат жыйынында адегенде сөз алган Орусиянын аскердик аба күчтөрүнүн кол башчысынын биринчи орун басары, генерал-лейтанант Анатолий Ноговицын Бишкекте өткөн сүйлөшүүлөрдүн мазмуну эмне болгонун маалымдады.
“Биз үч принципиалдуу маселени талкууладык. Бул, мурда жетишилген макуладашууларды аткарыш үчүн финансы маселесин чечүү, орус аскер базасын Кыргызстандын аскерлерин жана жарандарын тартуу менен түзүү жана бизге керек боло турган обьектерди оңдоо, реконструкциялоо иштерин аткаруучу тараптарды аныктоо болду”, - деди орусиялык делегациянын башчысы. Ал, ошондой эле, бул маселелер олуттуу карама-каршылыксыз макулдашылганын билдирди. Орус генералынын айтымында, Бишкектеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Москвада атайын макулдашууларга кол коюлмакчы. Бул үчүн январь айынын аягында Кыргызстандын коргоо министринин биринчи орун басары, Башкы штабдын жетекчиси Алик Мамыркулов Москвага иш сапары менен барып, Орусиянын Коргоо министрлигинин Башкы штабынын жетекчиси Анатолий Квашнин менен жолугушат жана мына ошондо тийиштүү документтерге кол коюлат.

Орусия тарап Кант аба майданына жайгашуучу аскердик базаны каржылоонун кайсы бир бөлүгүн кыргыз тарап алышын көздөп жатат. Ноговицындын айтымында, каржылоонун көпчүлүк бөлүгүн Орусия көтөрүүгө даяр. Бирок эки тарап тең аба майданын кармоого канча каражат кетээрин жана анда тараптардын үлүшү кандай болоорун так айткан жок. Сүйлөшүүдөгү кыргыз делегациясынын башчысы Сайфутдин Азизовдун айтымында, азыр сандар жөнүндө так айтуу кыйын. Анткени аларды бюджетке киргизүү, коргоо иштери Орусияда да, Кыргызстанда да жүргүзүлөт.

Делегация башчылары Кант аба майданына канча аскерий учак жайгашаарын жана аларды тейлеш үчүн канча аскерий кызматкер керек болоорун да айтышкан жок. Алардын айтымында, бул маселе такталып жатат.

Ал эми Кант аба майданынын абалына токтолгон Анатолий Ноговицын:

- Кант аба майданынын мыкты сакталгандыгы бизди таң калтырды. Аба майданы аскердик аба күчтөрүнүн аракеттениши үчүн толук жарамдуу. Ал эми аны көптөгөн учактар менен туруктуу пайдаланыш үчүн кээ бир оңдоп-түзөө иштерин жасаш керек. Ал иштерди аткарыш үчүн Кыргызстандан тийиштүү уюмду таптык. Аны менен жакын арада келишим түзүп, ишти баштайбыз. Оңдоо иштери бүткөндөн кийин Кант аба майданы «Манастан» кем болбой калат. Биз буга ишенебиз.

Орус генералынын айтымында, Кант аба майданында орус аба күчтөрү Коллективдүү Коопсуздук Келишими Уюмунун тез аракеттенүүчү күчтөрүнүн алкагында жайгашат. Кант аскердик базасын түзүү боюнча Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда келишим түзүлөт. Коллективдүү Коопсуздук Келишимине кирген башка мамлекеттердин аскерлери жана техникалары Кантка алынып келинбейт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG