Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:28

Кыргыз парламентинин 53 депутаты референдумдун өткөрүлүшүн колдоп чыгышты


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин кош палатасынын 53 депутаты элдик референдумдун өткөрүлүшүн колдоп, кыргыз элине кайрылуу жолдошту. Кайрылууда алар Конституциянын жаңы редакциясы өлкөдөгү түрдүү көз караштагы саясий күчтөрдүн катышуу менен иштелип чыккандыгын белгилешип, аны кабыл алуу республикадагы демократиянын, жарандык коомдун өнүгүшүнө өбөлгө түзөөрүн айтышкан. Ошондой эле алар коомчулукту элдик референдумга активдүү катышууга үндөшкөн. Кайрылууга Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Турдакун Усубалиев баш болгон депутаттар кол коюшкан.

XS
SM
MD
LG