Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:42

Конституциялык Сот кыргыз-кытай чек ара макулдашуусун кароону кийинкиге жылдырды


БИШКЕК. Конституциялык Сотко кыргыз-кытай чек ара макулдашуусу боюнча арыз берген Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарынын бирөөсү Ишенбай Кадырбековдун ооруп калгандыгына байланыштуу 27-январда өлкөнүн Конституциялык Соту арызды карабай калды. Ишти кароо бир жума кийинки мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү Конституциялык Соттун аппарат башчысы Альмир Бообеков билдирди. «1996 жана 1999-жылкы кыргыз-кытай чек ара макулдашууларын ратификациялоодо Конституциянын бир катар беренелери бузулган» деп, ал ратификациялоону жокко чыгаруу өтүнүчү менен Конституциялык Сотко Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын он бир депутаты өткөн жылы 16-майда кайрылган. Арызды кароону Конституциялык Сот 27-январга белгилеген эле.

XS
SM
MD
LG