Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:41

РЕФЕРЕНДУМ АЛДЫНДАГЫ МААЛЫМАТ ТАЙМАШЫ


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Референдумду өткөрүү күнү жакындаган сайын массалык маалымат каражаттарынын ортосунда таймаш күчөдү. Мамлекеттик саясатты колдогон маалымат каражаттары референдумду колдоого элди үндөгөн түшүндүрүү иштерин күчөтсө, оппозициячыл маалымат каражаттары экинчи тараптын пикирин элге жеткирүү үчүн күч үрөөдө. Маалымат каражаттарынын ортосундагы таймашта кайсыл тарап жеңишке жетет, ал референдумдун жыйынтыгына олуттуу таасирин көргөзө алат.

«ХХI кылым маалымат кылымы болуп, ага ким үстөмдүк
кылса, жеңиш ошол тараптыкы болот» деген пикир кеңири айтылып келет. Анын жыйынтыгы Кыргызстанда гана эмес, дүйнөдөгү олуттуу окуяларды чагылдыруу учурунда да даана байкалууда. Кыргыз бийлик өкүлдөрү баштадан эле бул маселеге олуттуу көңүл бурушуп, шайлоо, референдум өткөрүү учурунда кол алдындагы маалымат каражаттары аркылуу үгүт-насаат иштерин күчөтүп келишкен. Мамлекеттик күчтүү машина ар дайым өзүнүн өктөмүн көрсөтүп, эң оболу маалымат мейкиндигине көзөмөлүн орнотууга умтулуп келгени жашыруун деле эмес.

Бирок, айрым адистердин айтуусуна караганда алардын мындай аракеттери айрым бир учурларда жемишин бербей, өкмөтчүл маалымат каражаттарынын ашкере иш-чаралары тескерисинче элге терс таасирин тийгизген учурлары да жок эмес. Айрыкча, Аксы окуясы учурунда ашкере алабармандык элдин көңүлүн кайт кылып, өкмөтчүл маалымат каражаттарына карата карапайым калктын ишенимин жоготуп алганы маалым. Аны өкмөт башчысы Николай Танаев да мойнуна алганы бар.

Бийлик учурда ошол Аксы окуясында кетирген кемчилдигин эске алып, маалымат майданында өз үстөмдүгүн толук орнотууга күч аракетин үрөп жаткандай. Ал түгүл, Ак үйдө массалык маалымат каражаттары менен иш алып баруу үчүн атайын штаб түзүлгөнү да белгилүү. Көпчүлүк эксперттер референдум алдында Ак үйдүн маалымат мейкиндигинде үстөмдүгүнүн күчөтүшүн, «Моя столица», «Кыргыз Ордо» сыяктуу оппозициячыл маанайдагы басылмалардын үстүнөн сот жараяндарын, ал басылмалардын мүлкү барымтага алынышын, андан улам басылбай калышын референдум алдындагы маалымат согушу катары карап жатышат.

Ал эми «Эркинтоо» гезитинин башкы редактору Эсенбай Калдаров мамлекеттин саясатын жайылтып жаткан маалымат каражаттарынын активдүүлүгүн Баш мыйзамдын жаңы редакциясын элдин калың катмарына жеткирүү үчүн жасалып жаткан аракет деп түшүндүрдү. Анын пикиринче, Конституциянын жаңы редакциясынын тексти элге жетпей, өлкөнүн булуң-бурчтарынан көптөгөн каттар келип түшүүдө. Алардын суроо-талаптарын канааттандыруу үчүн өкмөттүк маалымат каражаттары түшүндүрүү иштерин күчөтүп жатат. Аны айрым бир адамдар маалымат согушу катары кабылдап жатканы туура эмес, деп түшүндүрөт өз ойун Эсенбай Калдаров.

Ал эми «Кыргыз Ордо» гезитинин башкы редактору Бекен Назаралиев мындайча пикирин айтат:

- Өткөн жылы Аксы окуясы учурунда бийлик маалымат согушунан жеңилип калгандан кийин, азыр ар кандай аракеттерди жасашууда. Оппозициячыл маанайдагы «Кыргыз ордо» ошондон улам соттун чечими менен басылбай турат. Андай тагдырга «Моя столица» гезити да туш болуп отурат.

Жыйынтыктап айтканда алдыдагы референдум бийлик менен оппозициянын күч сыноочу таймашына айланып, анын жыйынтыгы өлкөнүн келечек өнүгүү жолун аныктаганы турат. Таймашта ким жеңишке жетет, анын ачкычы жалпы элдин колунда.
XS
SM
MD
LG