Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:38

Израилде бүгүн жалпы элдик шайлоо өтүп жатат


Бул жолу премьер-министр эмес, кнессеттин 120 депутаты шайланат. Калктан көпчүлүк мандат алган партиянын лидери өкмөт башчысы болот. Коомдук пикирде азыркы премьер-министр Ариэл Шарондун “Ликуд” партиясына артыкчылык берген маанай үстөмдүк кылууда. Шайлоого 26 партия катышууда,алардын ичинен “Ликуддун” негизги атаандашы Эмгек партиясы парламентке өзүнүн бери дегенде 20дай мүчөсүн өткөргөнгө үмүт кылууда. Соңку маалыматтар боюнча, добуш берүүгө шайлоочулар азырынча пассивдүү катышууда. Шайлоого катарлаш Израилдин аскерлери палестин аймактарында операцияларды өткөрдү. Бүгүн эрте менен алар Женин шаарына кирип, палестиналыктардын айыгышкан каршылыгына туш болду. Атышуулар маалында палестиналыктар тараптан үч киши окко учту. Ушул эле күнү Россиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов Жакынкы чыгыштагы кризисти эл аралык төрт спонсордун катышуусунда сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салууга чакырды. Орус министри бүгүн Ислам конференциясы уюмунун баш катчысы менен жолугуп, региондогу кырдаалды талкуулады.

XS
SM
MD
LG