Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:09

Референдумду өткөрүүнү көзөмөлдөөчү коомдук штабдын өкүлдөрүнүн катышуусунда Аксы районунда жыйын өттү


БИШКЕК. «Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясынын Жалалабад областы боюнча координатору Маматкеримов Кубанычтын билдиргенине караганда, 30-январда Аксы районунун Каражыгач айылында референдумга байланыштуу жамаатташ алты айылдын эли катышкан жыйын өтүп, анда 2-февралга белгиленген референдумга бойкот жарыялоо, элдин макулдугусуз дайындалган участкалык шайлоо комиссия мүчөлөрүнө ишеним көрсөтпөө туурасында чечим кабыл алынды. Чогулгандар, бийлик өкүлдөрүнүн өз айылдарына жөнөтүлүп, жапырт үгүт жүргүзүшүн сынга алышты. Жыйынга «Эркиндик», «Эркин Кыргызстан», «Асаба», «Жаңы Кыргызстан», «Ата мекен» партияларынын жана Кыргызстандагы Адам укугун коргоо комитетинин өкүлдөрү катышты. «Эркиндик» партиясынын башчысы Топчубек Тургуналиев баш болгон 40тан ашык адам сөз сүйлөдү. Жыйынга 17 миң адам катышкандыгы тууралуу маалыматты ушул эле күнү референдум өткөрүү боюнча Аксы райондук штабынын башчысы, райондук кеңештин төрагасы Эргешаалы Озукеев төгүндөдү. Анын айтымында, оппозициялык маанайдагы саясатчылардын катышуусунда Каражыгач айылында өткөн жыйын мал, буюм-тайым сатуучу эки базардын ортосунда болуп, ага 200 чамалаш адам катышты.

XS
SM
MD
LG