Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:33

Кыргызстан элинин ассамблеясы, Бейөкмөт уюмдар ассоциациясы жана Жергиликтүү жамааттар конгресси билдирүү таратышты


БИШКЕК. Кыргызстан элинин ассамблеясы, Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар ассоциациясы жана Жергиликтүү жамааттар конгресси 1-февралда билдирүү менен чыгышты. Анда алар акыркы күндөрү эл аралык уюмдар тарабынан таратылып жаткан кабатыр пикирлерге кайчы көз караштарын билдиришти. Алар тынчсыздануу билдиргендерге «көп тараптуу кызматташтыкка доо кетире турган, негизсиз билдирүүлөрдү таратаардан мурда, адегенде Конституциянын жаңы редакциясы менен терең таанышып чыгууну» сунуш кылышкан. Билдирүү ээлери ошондой эле референдум учурунда мониторинг жүргүзүш үчүн келген эл аралык байкоочуларды өңчөй оппозиция өкүлдөрү менен кызматташып жаткандыгы үчүн сынга алышып, референдумга байланыштуу жарандык коомго бийлик кысым көрсөтпөгөндүгүн баса белгилешкен.
Буга чейин Кыргызстандагы референдумга байланыштуу ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу, АКШнын Улуттук демократиялык институту, Адам укуктары боюнча эл аралык лига жана АКШнын Мамлекеттик департаменти тынчсыздануу билдиришкен эле.

XS
SM
MD
LG