Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:59

«Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын өкүлүн белгисиз бирөөлөр сабап кеткендиги маалым болду


БИШКЕК. 2-февралдан 3-февралга караган түнү «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын Сокулук районундагы байкоочусу Жанузак Абдрасуловду белгисиз бирөөлөр сабап, 2-февралдагы добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча түзүлгөн 17 отчетту алып кеткен. Шейшембиде коалициянын президенти Эдил Байсалов ал жетектеген уюм бул окуя боюнча жумурияттын тартип коргоо органдарына тийиштүү арыз менен кайрыла тургандыгын айтып өттү.
Жанузак Абдрасуловдун жубайы Азиза Абдурасулованын маалыматы боюнча, Ж. Абдрасулов 2-февралда Сокулук районундагы добуш берүүгө көзөмөл жүргүзүп, түнкү саат бир жарымда Бишкекти карай жеңил автоунаада келаткан жерде номерсиз «Мазда» автомашинасы менен жүргөн белгисиз адамдар аны токтотуп, сабап, колундагы документтерди алып кетишкен.

XS
SM
MD
LG