Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:02

Улуу Британиянын премьер министри Франция президенти менен жолукту


Улуу Британиянын премьер-министри Тони Блэр бүгүн Францияга келип, президент Жак Ширак менен жолукту. Блэрдин пикири боюнча, Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши Иракка каршы аскерий сокку урууга уруксат берген жаңы резолюция кабыл алууга тийиш. Франция мурда ага каршы чыгып келген жана Блэр президент Ширактын турумун өзгөртүүгө аракеттенди. Бирок жолугушуудан кийин Ширак, мурдагыдай эле, эл аралык инспекторлор Иракта дагы иштөөгө тийиш деп билдирди. Кечээ күнү Блэр британ парламентине кайрылып, Ирак жетекчилиги инспекторлор менен кызматташпай жатат деп айткан. Анын айтымында, эгер Бириккен Улуттар Иракка каршы сокку урууга макулдугун бербесе, ал чоң ката болот.

XS
SM
MD
LG