Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:00

Өзбекстан Ислам Кыймылынын жакында Баткенде соттолгон мурдагы мүчөсү Шералы Акботоев облустук сотко аппеляциялык арыз менен кайрылаарын билдирди


БАТКЕН. 25-февралда Баткен райондук соту тарабынан 25 жылга кесилген Өзбекстан Ислам Кыймылынын мурдагы мүчөсү Шералы Акботоев облустук сотко аппеляциялык арыз менен кайрылаарын 4-февралда билдирди. Ш. Акботоевдин адвокаты Арстан Айжигитовдон 5-февралда алынган маалыматка карганда, Акботоев мындай жазага макул эместигин, андыктан өкүм колго тийээри менен облустук сотко апелляциялык арыз жолдой тургандыгын билдирген. Адвокаттын айтымында, соттолуучу өзүнө коюлуп жаткан «кылмышты жаап-жашыруу», «жалданмачылык», «терроризм», «адамдарды барымтага алуу», «кылмыштуу өнөктөштүк уюштуруу» деген айыптар менен макул эмес. Ал эми «мыйзамсыз куралдуу кошуунга катышуу» деген берене боюнча өз күнөөсүн моюнга алат. Бирок өз ыктыяры менен кайтып келгендиктен бул айыпты да туура эмес деп эсептейт. Андыктан ал аппеляциялык арызында облустук соттон өзүнө коюлган айыптардын баарынан актап берүүнү өтүнүшү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG