Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:38

Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Кыргызстандагы референдум темасын Орусиянын элчиси жана ЕККУнун эксперттери менен талкуулады


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев 5-февралда Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Евгений Шмагинди кабыл алды. Тараптар жакында Кыргызстанда болуп өткөн референдумдун жыйынтыктарын талкуулашты. Ал эми 4-февралда кечинде А.Бөрүбаев Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун эксперттери Марк Стивенс жана Грэм Элсон менен жолугушту. Анда төрага эксперттерге референдумга даярдык, Конституциянын жаңы редакциясын даярдоонун жүрүшү тууралуу кеңири маалымат берди. Эксперттер ал берген маалыматка ыраазылык билдиришип, бирок, ЕККУнун байкоочуларынын референдумга катышпай калганына өкүнүчүн айтышты. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Кыргызстанда референдум чукул жарыялангандыгына байланыштуу өзүнүн байкоочуларын жиберүүдөн баш тарткан.

XS
SM
MD
LG