Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:41

Кыргызстанда Европа Биримдигинин эксперттери иштеп жатышат


БИШКЕК. Кыргызстанда атаандаштыкты, эркин ишкердикти жана туруктуу экономиканы камсыз кылуучу мыйзамдар Европа Биримдигинин стандарттарына дал келгидей деңгээлде иштелип чыга элек. 6-февралда «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Европа Биримдигинин Кыргызстанда иштеп жаткан эксперттери ушундай пикир айтышты. Ошондуктан, учурда Кыргызстан менен Европа Биримдиги конкуренцияны жана салык мыйзамдарын өз ара иретке келтирүү багытындагы кызматташтыкка көнүл бурууда. Аталган маселелер боюнча Европа Биримдигинин эксперттери Альбрехт Шваб менен Хайнс фон Лампе президенттин, өкмөттүн аталган тармактарга тиешелүү адистери жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүштү. Жолугушуулардын жыйынтыгында эксперттер аталган мыйзамдарга өз сунуштарын билдиришет. Мындай кызматташтык Европа Биримдиги менен Кыргызстандын ортосунда Кызматташтык жана өнөктөштүк боюнча макулдашуунун алкагында 1999-жылдан бери уланып келатат.

XS
SM
MD
LG