Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:12

БИЙЛИК ӨКҮЛДӨРҮ ПРЕЗИДЕНТ А. АКАЕВДИН СОЦИАЛДЫК САЯСАТЫН ТҮШҮНДҮРҮҮДӨ


7-февралда президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев президенттин социалдык багыттагы акыркы жардыктарына байланыштуу маалымат жыйынын өткөрдү.

Жума күнү Өкмөт Үйүндө өткөн маалымат жыйынына эмгек жана социалдык коргоо министри Роза Акназарова, Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Орозмат Абдыкалыков жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана регионалдык өнүктүрүү министри Төлөбек Өмүралиев катышты. Маалымат жыйынында акыркы кезде президент тарабынан чыгарылган социалдык багыттагы жардыктарды турмушка ашыруу кандай жүрөөрү жөнүндө кабар берилди. Референдум алдында президент бул багыттагы үч жардыкка кол койгон. Алардын биринчиси - «Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пулдардын өлчөмүн көбөйтүү», экинчиси - «Пенсияларга кошумча берилүүчү каражаттын көлөмүн көбөйтүү» жана акыркысы - «Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү» жөнүндөгү жардыктар болгон.

Президенттин жөлөк пулдарга байланыштуу жардыгына ылайык Кыргызстандагы 47 миң эмгекке жарамсыз майыптарга, жетим балдарга, пенсиясыз улгайган адамдарга берилүүчү жөлөк пулдардын көлөмү 20% көбөйдү. Калктын бул категориясына берилүүчү жөлөк пулдун бир айлык көлөмү жардыкка чейин орто эсеп менен 312 сом болсо, жардыктан кийин ал 375 сомго жетет. Бул үчүн 38 млн. сом керек. Министр Роза Акназарованын айтымында, ал үчүн 2003-жылдын бюджетине өзгөртүү киргизилет жана маселе финансы министрлиги менен макулдашылган.

Ал эми экинчи жардыкка ылайык Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана аларга теңделген калктын категорияларына гана пенсия өлчөмү көбөйөт. Жалпысынан бул жардык менен 12 миң пенсионердин пенсиясына 300 сомдон акча кошулат. Бул сумманы төлөш үчүн 46 млн. сом керек. Бул боюнча Социалдык фонддун бюджетине өзгөртүү киргизилет.

«Социалдык төлөмдөрдү референдум алдында көбөйтүү менен мамлекет өз жарандарынын добушун сатып алууга аракет кылган жокпу? Оппозиция расмий бийликке ушундай айып коюп жатат», - деген суроого эмгек жана социалдык коргоо министри Роза Акназарова жооп берди:

- Мамлекеттик жөлөк пул жөнүндөгү» мыйзамга 2001-жылы өзгөртүү киргизилгенден кийин былтыр жөлөк пулдун көлөмү 50% көтөрүлгөн. Андан кийин ошол эле жылы «Гарантияланган минималдык керектөө өлчөмү» деген ченемге ылайык жөлөк пулду 100 сомдон 120 сомго көтөрдүк. 2002-жылы 120 дан 140 сомго чейин көтөрдүк. Быйыл Жакырчылыкты кыскартуу боюнча орто аралыкты камтыган программага ылайык көтөрүп жатабыз. Быйылкы жөлөк пулдун өлчөмүн көтөрүү мурун эле каралган.

Ал эми президенттин үчүнчү, 15-январдагы жардыгы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу тармагына багышталган. Ага ылайык айыл өкмөт башчыларынын айлык маянасы 2003-жылдын экинчи жарымынан баштап 2 эсе көбөйтүлөт. Маселен, 5 миң адамга чейин жашаган айылдын башчысы буга чейин 920 сом алса, эми 1800 сом алат. Бул үчүн жергиликтүү айыл өкмөттөрүнүн бюджеттинен 158 млн. сом сарпталат. Жардыкта белгиленген техника сатып алуу жагын да жергиликтүү бийлик өзүнүн эсебинен чечүүгө тийиш. Министр Төлөбек Өмүралиевдин айтымында, айыл өкмөт башчыларына айлыкты көтөрүү демилгеси референдумга чейин эле, өткөн жылы октябрь айында өткөрүлгөн жергиликтүү жамааттардын курултайында көтөрүлгөн:

- Айлык акыларды көбөйтүү, айыл өкмөттөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо курултайдын чечиминде каралган. 15-январдагы президенттин жардыгы мына ушул курултайда кабыл алынган «Бийликти борбордо окчундатуунун улуттук стратегиясын» турмушка ашыруу максатын көздөп чыгарылган.

Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынындагы оппозициялык маанайдагы депутат Алевтина Проненко президенттин референдум алдындагы социалдык багыттагы жардыктарын башкача баалады:

- Мунун баары референдумга карата жасалды. Адамдарды добуш берүүгө түрткү бериш үчүн. Муну баары билишет. Медалдар, ар кандай наамдар да ушуга байланыштуу берилди. Муну добушту сатып алуу деп эсептөөгө болот. Анткени шайлоо убагында белек берүү жана башка нерселерге тыюу салынат. «Шайлоо жөнүндөгү» мыйзамга ылайык мындай багыттагы ар кандай финансылык иш-аракеттерге да тыюу салынган.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG