Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:56

Ысыккөл облусунда мал союучу жайлардын шарты начар


Мындай бүтүмгө Каракол шаардык санитардык- эпидемиологиялык станциянын дарыгерлери, «Кыргызстандарттын» шаардык бөлүмү менен инспекторлору, областтык ишкерлер ассоциациясынын кызматкерлери жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрдүн тарабынан жүргүзүлгөн рейддин мүчөлөрү келишти. Сатылып жаткан эт жана андан даярдалган тамак-аштар, мал союулуучу жайлар антисанитариялык абалда. Союш малга бериле турган санитардык- эпидемологиялык станциянын күбөлөндүргөн справкасы, ветеринардык кызматтын келишими, дезинфекциялоочу каражаттар, эт сатууга уруксат берилген сертификаттар жана башка тиешелүү документтер менен эч түшүнүгү жок жеке ишкерлер бар. Мындай абал ветеринар дарыгерлердин уруксаты жок союлган малдын этинин сатылышына, анын натыйжасында областта жугуштуу ооруу бруцеллёздун жайылышына жол ачууда.

XS
SM
MD
LG