Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:07

Шайлоо системасы боюнча эларалык фонддун өкүлү референдумда мыйзам бузуулар арбын болгонун билдирди


«Мен 30 жылдан ашык мезгилден бери шайлоо системасында иштеп келатам... Бирок, Кыргызстандагыдай көп сандагы мыйзам бузууларды көргөн эмесмин», деп билдирген «Республика» газетасына берген интервьюсунда шайлоо системасы боюнча эларалык фонддун Кыргызстандагы өкүлү Чедомир Флего. Ал мындай билдирүүнү өз байкоолоруна таянып жасаган. Анын айтымында, мурдагы шайлоодогулардай эле азыркы добуш берүүдө деле үй-бүлөсү, студенттердин өз курдаштары үчүн добуш берүү, участокторго документсиз келген фактылар көп болду, бийлик өкүлдөрү добуш берүүлөрдү көзөмөлдөп турушту. Шайлоо системасы боюнча эл аралык фонд референдумга байланыштуу коомдук комитет түзгөн. Көз карандысыз саясатчылардан жана коомдук ишмерлерден турган бул комитет референдумга «каршы» жана «макул» тараптардын пикирин чогултуп, аларды шайлоо алдында 100 миң нускада китепче кылып чыгарып, элге тараткан.

XS
SM
MD
LG